МАРАЛОВ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:36 учурдагы соңку нуска

МАРАЛОВ Аспандьяр Несипчороевич [25. 1. 1938, Кара-Балта ш. - 14. 8. 2007, Бишкек] - хирург, медицина илимдеринин доктору (1981). КРдин эмг. сиң. врачы (1989). КММИни (1963), СССР Медицина ИАнын А. Н. Бакулев атындагы Жүрөк­кан тамыр хирургиясы институтунун аспирантура­сын (1970) бүтүргөн. Кызыл-Кыя медициналык окуу жа­йында окутуучу, КММИде хирургия кафедра­сында ассистент (1970-79), Кыргыз кардиоло­гия ИИИде улук илимий кызматкер (1979-85), медициналык кибернетика секторунун, кардиохирургия жана ангиография бөлүмүнүн башчысы (1985-95). 1995-2006-жылы КУКТБда балдар жүрөк хирур­гиясы бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген. И. К. Ахунбаев атындагы сыйлыгы лауреаты (2000). Жү­рөк-кан тамыр хирургиясы боюнча адис. Эмгекте­ри негизинен тубаса жана кийин пайда болгон жүрөк кемтигин дарылоого арналган. 140тан ашык илимий эмгеги, анын ичинде 1 окуу куралы бар.

Эмг.: Клиника, диагностика и хирургическое ле­чение ДМЖП в сочетании с аортальной недостаточ­ностью//Вестник АМН СССР. №4, 1974; ДМЖП в сочетании с ОАП (хирургическая коррекция)//Груд­ная хирургия. М. 1980.