МАРАЗЫКОВ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(10 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:36 учурдагы соңку нуска

МАРАЗЫКОВ Турусбек Сейдакматович [5. 4. 1965-жылы туулган, Ысык-Көл обл., Рыбачье (азыр Ба­лыкчы ш.)] - тилчи, профессор (1996), филология илимдеринин доктору (2005). КМУнун кыргыз фило­логиясы жана журналистика факультетин бүтүргөн (1989). КР УИАнын Тил жана адабият институтунда илимий кызматкер (1989-91), 1991-жылдан Ж. Баласа­гуни атындагы КУУнун кыргыз тил илими кафедра­сында окутуучу, ага окутуучу, доцент (2003), кафедра башчысы (2007-09), кыргыз филоло­гиясы факультетинин деканы (2006). Илимий изилдөөлөрү кыргыз тилинин стилистикасы, коммуника­тивдик лингвистика, текст таануунун негиз­дери, синтаксис, сүйлөө маданиятынын теория­сына багытталган. 50дөн ашык илимий эмгектин автору.

Эмг.: Текст таануу жана анын айрым маселелери. Б., 2005; Текстти интеграциялоочу экстралингвисти­калык факторлор. Б., 2005; Текстти интеграциялоочу лингвистикалык каражаттар. Б., 2005.