МАҢЫЗ ЖАНА КУБУЛУШ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:36 учурдагы соңку нуска

МАҢЫЗ ЖАНА КУБУЛУШ - дүйнөдөгу бар­дык объектилердин жана процесстердин зарыл ке­ректүү жактарын чагылдыруучу философиялык катего­риялар; М. ж. К. объективдүү дүйнөдөгү нерсе­лердин жалпы формасы жана аны адамдар тара­бынан өздөштүрүп билүүсү. Маңыз (М.) - мате­риалдык системалардын өнүгүшүнүн негизги белгилери менен тенденцияларын көрсөтүүчү терең байланыштардын, мамилелердин, ички мыйзам­дардын жыйындысы. М. мазмун түшүнүгү менен тектеш. Мазмун М-дан айырмаланып, бардык объектилердин жана процесстердин жыйындысын билдирсе, М. нерсенин табиятын аныктайт. Ку­булуш (К.) - болмуштун (бытиенин) тышкы фор­маларын тике көрсөтүүчү окуялар, процесстер. Бардык жандуу организмдеги зат алмашуунун М-ы - эң ар түрдүү Кислотар аркылуу көрүнүп-би­линет. Анткени Кислотар дүйнөдөгү беш жүз миң­ден ашык өсүмдүктөрдүн жана бир жарым мил­лионго жакын жаныбарлардын түрлөрүн мү­нөздөп көрсөтөт. 0. эле К. коомдо да ө. ж. ишка­наларынын курулушу, техникалык, технол. процесстер, турак жайлардын, маданият мекемелеринин куру­луштары, жумушчу күндөрүнүн, сааттарынын кыскарышы, эмгек акылардын, пенсиялардын жогорулашы, социалдык камсыздоолордун жана турмуш-тиричилик кызматтарынын жакшы­рышы, товарлардын, азык-түлүк продуктулар­дын бааларынын өзгөрүүлөрү ж. б. аркылуу даа­на, тике көрүнүп билинип турат. М. ж. К. кате­гориялары бири-бири менен дайыма диалектика­лык ажырагыс байланышта болушат жана айыр­мачылыктары да бар. К. М-га караганда бай жана өзгөрүп туруучу касиетке ээ. М-дын касие­ти бардык өзгөрүүлөрдө аздыр-көптүр сакталып калат. Рыноктун шартында тигил же бул то­вардын баасы дайыма өзгөрүп турганы менен анын наркы, сапаты белгилүү мөөнөткө чейин өзгөр­бөйт. К-ка караганда туруктуу. М. ж. К. нерсе­ни негиздүү же негизсиз деп ажыратып кароо­го, жаратылыш менен коомдун ресурстарын өзгөртүүгө, кайра курууга жардам берет.

Т. Эсенгелдиев.