МАҢЫЗ ЖАНА КУБУЛУШ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
| (7 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:36 учурдагы соңку нуска
МАҢЫЗ ЖАНА КУБУЛУШ - дүйнөдөгу бардык объектилердин жана процесстердин зарыл керектүү жактарын чагылдыруучу философиялык категориялар; М. ж. К. объективдүү дүйнөдөгү нерселердин жалпы формасы жана аны адамдар тарабынан өздөштүрүп билүүсү. Маңыз (М.) - материалдык системалардын өнүгүшүнүн негизги белгилери менен тенденцияларын көрсөтүүчү терең байланыштардын, мамилелердин, ички мыйзамдардын жыйындысы. М. мазмун түшүнүгү менен тектеш. Мазмун М-дан айырмаланып, бардык объектилердин жана процесстердин жыйындысын билдирсе, М. нерсенин табиятын аныктайт. Кубулуш (К.) - болмуштун (бытиенин) тышкы формаларын тике көрсөтүүчү окуялар, процесстер. Бардык жандуу организмдеги зат алмашуунун М-ы - эң ар түрдүү Кислотар аркылуу көрүнүп-билинет. Анткени Кислотар дүйнөдөгү беш жүз миңден ашык өсүмдүктөрдүн жана бир жарым миллионго жакын жаныбарлардын түрлөрүн мүнөздөп көрсөтөт. 0. эле К. коомдо да ө. ж. ишканаларынын курулушу, техникалык, технол. процесстер, турак жайлардын, маданият мекемелеринин курулуштары, жумушчу күндөрүнүн, сааттарынын кыскарышы, эмгек акылардын, пенсиялардын жогорулашы, социалдык камсыздоолордун жана турмуш-тиричилик кызматтарынын жакшырышы, товарлардын, азык-түлүк продуктулардын бааларынын өзгөрүүлөрү ж. б. аркылуу даана, тике көрүнүп билинип турат. М. ж. К. категориялары бири-бири менен дайыма диалектикалык ажырагыс байланышта болушат жана айырмачылыктары да бар. К. М-га караганда бай жана өзгөрүп туруучу касиетке ээ. М-дын касиети бардык өзгөрүүлөрдө аздыр-көптүр сакталып калат. Рыноктун шартында тигил же бул товардын баасы дайыма өзгөрүп турганы менен анын наркы, сапаты белгилүү мөөнөткө чейин өзгөрбөйт. К-ка караганда туруктуу. М. ж. К. нерсени негиздүү же негизсиз деп ажыратып кароого, жаратылыш менен коомдун ресурстарын өзгөртүүгө, кайра курууга жардам берет.
Т. Эсенгелдиев.