МАҢКА КАЗ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (3 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:36 учурдагы соңку нуска
МАҢКА КАЗ (Еи1аЬе1а шсИса), тоо казыказ сымалдар тукумчасындагы куш. Салмагы 2- 3,2 кг, түсү агыш боз, башы ак. Кыргызстандын аймагында Соң-Көл, Чатыр-Көл, СарыЖаз, Ала-Белде, Нарын дарыясынын баш жагында жана Казакстандын Зайсан ойдунунда жашайт. Бийик тоодогу көлдөрдө эрте жазда уя салат. 4-10 жумуртка

тууйт. Балапандары уяда 1-2 күндөн кийин энесин ээрчип кетет. Өсүмдүк жалбырагы жана уругу, балырлар жана омурткасыз суу жаныбарлары менен азыктанат. М. к-дын саны жылдан жылга азаюуда. Бул түрдү коргоо максатында Сон-Көл жана Чатыр-Көл коругу уюшулган. М. к. Кыргызстандын Кызыл китебине катталган.