МАҢГЫТТАР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:36 учурдагы соңку нуска

МАҢГЫТТАР - 1) түрктөргө тектеш уруулар­дын бири. Карача бийлер жетектеген М. бир кезде огуз уруулары (кыргыз, кыпчак, курама, жедигер, коңурат, казак ж. б.) менен бирге Сыр­Дарыянын боюн жердеп, ак маңгыт, кара маң­гыт болуп бөлүнүшкөн. Жазма маалыматтарда алгачкы жолу Батыйдын Россияга жасаган чабуулуна байланыштуу моңголдордун бир уруу­су (маңгут) катары эскерилет. 14-к-да М-га Еди­гей эмирлик кылган. Булардан тышкары «Маж­му ат-Таварихте» да 92 боолуу өзбектин (ил­латийа) бир уругу катары жана Мухаммед Ха­ким хандын «Мунтахаб ат-Таварих» аттуу эмге­гинде орто азиялык М. жөнүндө маалыматтар кез­дешет. Азыркы учурда негизинен Фергана өрөө­нүндө, Батыш Казакстанда, азыраак бөлүгү Ош облусунун Араван районунда турушат; 2) Бухара эмирлигин башкарган династия (1738-1920). Не­гиздөөчүсү Кудаяр бий (1738-43-жылы бийлеген), акыркысы Сейит Алим хан (1910-20) болгон.

Ад.: Материалы по истории кыргызов и Кыргыз­стана. Т. 1. Б., 2003.