МИТЕЛИК: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(4 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска

МИТЕЛИК биологияда — ар кандай организмдердин жашоо тиричилигиндеги өз ара байланыш формасы; мында бир организм (мите) экинчисин (ээсин) жашоо чөйрөсү же азык ка­тары пайдаланып, ага зыян келтирет. М. вирус­тан тартып, татаал түзүлүштүү өсүмдүктөр менен көп клеткалуу жаныбарларга чейин байкалат. «Ээ - мите» системасында митенин сырткы чөйрө менен байланышын жөнгө салуу жарым жартылай же толук ээси аркылуу жүрөт. М. сырткы же экзомителик (мите ээсинин денеси­нин сыртында жашайт) жана ички же эндоми­телик (мите ээсинин организминде жашайт) болуп айырмаланат. М. облигаттуу жана факуль­тативдүү, ошондой эле убактылуу М. (мителер ээсин азыктануу үчүн гана пайдаланат) жана туруктуу (стационардык) болуп айырмаланат. Убактылуу М-те мите ээсин азыктануу үчүн гана (чиркей, кене ж. б.) пайдаланат, ал эми туруктуу М-те мите ээсинин организминде жашайт.