МИС ВАН ДЕР РОЭ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (5 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МИС ВАН ДЕР РОЭ Людвих (27. 3. 1886, Германия, Ахен - 17. 8. 1969, АКШ, Чикаго) - немис архитектору. 1938-жылдан АКШда иштеген. 1930-33-ж. Дессаудагы «Баухауздун», 1938- 58-ж. Иллинойс технол. интунун (Чикаго) архитектура факультетинин директору болгон. 1926-жылы Берлинде экспрессионизм духунда К. Либкнехт менен Р. Люксембургга эстелик тургузган. Ал - Иллинойс технол. институтунун

архитектура комплексинин (1942- 58), Фокс-Риверде Франсуорт үйүнүн (1946-50), Чикагодогу Лейк Шор Драйв (1950-51) жана Нью-Йорктогу Сигрем-билдинг (1958) конторасынын, Берлиндеги Улуттук көркөм сүрөт галереясынын имараттарынын, турак үйлөрдүн автору. 1950-60-жылдары Батыш Европа жана АКШ архитектурасына чоң таасир тийгизген.