МИРТЕМИР: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (3 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МИРТЕМИР [толук аты-жөнү - Миртемир Умарбекович Турсунов; 28. 5(10. 6). 1910, азыркы Казакстан Респ., Чымкент обл., Түркстан району, Икан кыш. - 24. 1. 1978, Ташкент] - өзбек акыны, котормочу. Өзбек ССР эл акыны (1971). 1932-жылы Самарканд педагогикалык академиясын бүткөн. Чыгармалары 1926-жылдан жарыялана баштаган. «Нурлар койнунда» (1928), «Жеңиш» (1931), «Борбор» (1936) ыр жыйнактарында ошол мезгилдеги социалисттик курулуштун жүрүшүн баяндайт. «Өч» (1944), «Тандалганырлар» (1947), «Ырлар» (1961), «Жаңы ырлар» (1967) китептеринде граждандуулук, достук идеялары берилет. М. чет эл жана орус классиктеринин чыгармаларын, ошондой эле «Манас» эпосун (1-китеп, 1964; 2-китеп, 1973) өзбек тилине которгон. Айрым чыгармалары кыргыз тилине которулган («Гүлтааж». Ырлар жана поэмалар. 1973; которгон Т. Байзаков).