МИРРАХИМОВ Мирсаид Мирхамидович: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(2 intermediate revisions by the same user not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска

МИРРАХИМОВ Мирсаид Мирхамидович (27. 3. 1927, Фрунзе - 2. 10. 2008, Бишкек) - кардио­лог, медицина илимдеринин доктору (1965), проф. (1968), Кыргыз ССР Ианын академиги (1974; корр. мүчөсү, 1969). СССР МИАнын акад (1988). 2 жолу Кыргыз ССРинин (1978, 1984) жана СССРдин (1981) Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйл. лауреаты. Социалисттик Эмгектин Баатыры (1987).

Кыр­гыз ССРинин эмг. сиң. вра­чы (1962), Кыргызча ССРинин илимге эмг. сиң. ишмери (1972). Нью-Йорк ИАнын мүчөсү (1996). КММИни бү­түргөн (1948). Ошол эле жерде ассистент (1952-56), доцент (1956-58), кафедра башчысы (1958-63), прорек­тор (1963-78). 1978-жылдан

Кыргызстан кардиология

ИИИ­нин, 1996-2007-жылдары КРдин Саламаттык сактоо министрлигинин М. атындагы УКТБдун ди­ректору болуп эмгектенген. 1995-жылдан КМШ өлкөлөрүнүн Кардиологдор ассоциациясынын президенти, КРдин Терапевттер жана кардиолог­дор коомунун төрагасы. 700дөн ашык илимий эмге­ги, анын ичинде, 32 монография, 19 ойлоп табуулары бар. Илимий эмгектери бийик тоолуу шартта адам организминин физиологиясына жана патология­сына арналган. Ал - бийик тоо кардиологиясы­на негиз салуучулардын бири; бул тармактагы ата мекендик мектепти түзүүчү. Анын изилдөө­лөрү бийик тоолуу жерлерде жашаган адамда жүрөк ишемиясы жана гипертония оорусу аз та­ралганын белгилеп, алардын этиология менен па­тогенезин иликтөөгө, ички оорулардын клини­касынын өзгөчөлүгүн байкоого, ага туура диаг­ноз коюуга жана дарылоого мүмкүндүк берген. Эки Ленин, «Ардак Белгиси», Элдердин достугу, Октябрь Революциясы, 1- жана 3-даражадагы Ма­нас ордендери жана медалдар менен сыйланган. Кыргыз ССР Жогорку Советинин (1975-85) жана СССР Жогорку Советинин (1989-94) депутаты.

Эмг.: Состояние сердечно-сосудистой системы в ус­ловиях высокогорья. Л., 1968; Лечение внутренних болезней горным климатом. Л., 1977; Иммунология коронарный болезни сердца (в соавторстве). Б. 2007.