МИРЗАХМЕДОВ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МИРЗАХМЕДОВ Маматамин (10. 2. 1929-жылы туулган, Түштүк Казакстан обл., Түркстан ш.) - геолог, Кыргыз ССРинин мамлекеттик сыйл. лауреаты (1972). Ташкенттеги Орто Азия мамлекеттик университетин бүткөн (1951). Орто Азия түстүү металлдарды чалгындоо трестинде, Түштүк Кыргызстан геол. экспедициясынын Улуу-Тоо геол. чалгындоо партиясында геолог, улук геолог, участка башчысы, башкы геолог (1951-75); Түштүк Кыргызстан геол. экспедициясынын аналитикалык лабор-сынын жетекчиси (1975- 84). Чоң-Кой сымап кенин ачууга жана чалгындоого кошкон салымы үчүн «Кенди биринчи ачуучу» төш белгиси менен сыйланган.