МИРЗАМАТОВ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (4 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МИРЗАМАТОВ Рысбек Мамырович (13. 3. 1962, Ош обл., Ноокат району, Баргы айылы) - генерал-майор (2010). Афган согушунун катышуучусу (1985-86). Ташкент ш-ндагы Жалпы командалык жогорку аскер окуу жайын (1983), КУУну (1997) бүтүргөн. 1983-85-ж.

Иолатан (Түркмөнстан, Мары обл.) шаардык аскер бөлугүндө взвод командири, 1986-87-ж. Ош ш-ндагы мотоаткычтар тоолуу бригадасында рота командири, 1988- 90-ж. Урал облусунда (Казакстан) Чапаев р-ндук аскер комиссарынын орун басары, 1990-99-ж. Чаткал, Араван, Кара-Суу р-ндук аскер комиссарларынын орун басары, аскер комиссары, 1999-2002-жылы Ош обл. аскер дивизионунда штаб начальниги, командирдин орун басары, 2002-07-ж. Ош шаардык, Жалал-Абад обл.
аскер комиссары, 2008-жылы КР коргоо министринин орун басары, 2008-11-ж. КР чек ара кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеген. Эрдик, Даңк медалдары менен сыйланган.