МИРБАДАЛАЕВА: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МИРБАДАЛАЕВА Адельма (1932-жылы туулган, Москва) - түрк тилдүү элдердин фольклорун изилдөөчү. Ломоносов атындагы ММУнун чыгыш бөлүмүн бүтүргөн (1965), түрк тилдүү элдердин фольклорун изилдөөгө арналган көптөгөн илимий эмгектердин автору. М. «СССР элдеринин эпостору» сериясында түрк тилдүү элдин эпикалык чыгармаларын изилдеп, которуп, басууга даярдоодо орчундуу салым кошкон. Ал Москвадагы «Наука» басмасынын ушул сериядан «Манас» эпосунун эки (кыргыз жана орус) тилде даярдалган төрт томдугун жарыкка чыгарууга катышкан. М. 1984-90-ж. жарыкка чыккан эпостун үч томунун котормочуларынын, сөздүктөрүнүн, комментарийлеринин авторлорунун бири жана жооптуу редактору. Бул томдордо биринчи жолу С. Орозбаковдун варианты боюнча эпостун илимий котормосу жүзөгө ашырылган (Манастын төрөлгөнүнөн баштап өлгөнүнө чейин). Китептерде тарыхый этногр., географиялык, фольклордук мүнөздөгү илимий комментарийлерге орун берилген. 0. эле «Манас» эпосунун КР УИАнын Кол жазмалар фондунда сакталып турган бардык варианттарына баяндама берилген. Аталган томдордо биринчи ирет башка варианттарындагы окуялардын тизмеси берилип, Сагымбай менен Саякбайдын варианттарына салыштырма баяндама жасалган.