МИОМА: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (3 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МИОМА (мио... жана ...ома) - булчуң тканынын зыянсыз шишиги. Жылма булчуңдагы (жатын, карын, ичеги, тери) М. - лейомиома, скелет жана жүрөктүн туура ала булчуңдарынан пайда болсо рабдомиома деп аталат. Демейде булчуң тканынан жана туташтырма ткандан турган шишик фибромиома деп аталат. Фибромиома көбүнчө жатында пайда болот. Жатын М-сы энелик клетканын функциясына байланыштуу гормондук бузулуудан, көбүнчө 30 жаштан өткөн аялдарда пайда болот. М-да көпкө чейин кан агуунун натыйжасында аз кандуулук пайда болот, ошондой эле табарсык, кичине жамбаш чарасындагы кан тамырларды жана нервдерди кысат. Шишик этек кир токтогонго (50-55 жашка) чейин өсө берет. М-сы бар аялдар врачтын көзөмөлүндө болуп, жылына 3-4 жолу кароодон өтүп туруусу керек. М. тез өсүп, чоң болуп, консервативдүү дарылоо жардам бербей, кан кете берсе, хирургиялык операция жасалат.
миопия, к. Алысты начар көрүү.