МИОЗИТ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (5 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МИОЗИТ (грекче mys - булчуң) - скелет булчуңцарынын сезгениши. Демейде бүт булчундар жабыркайт (полимиозит). М. көбүнчө коллаген ооруларында көп учурайт. Анда булчуңцар ооруп, тез чарчайт, кыймылы начарлайт, күчөп кетсе, булчуң склероз болуп (катууланып), тырышып калышы мүмкүн. Териге инфекция кирип, ириңдүү М. пайда болсо, дене ысып, чыйрыгат. Булчуңга мителердин (трихинелла, цистицерка) киришинен да М. пайда болот. Дарылоо себебине жараша жүргүзүлөт. Алдын алууда өтө чарчоодон, үшүп калуудан сактануу керек.