«МИҢ БИР ТҮН»: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(2 intermediate revisions by the same user not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска

«МИҢ БИР ТҮН» - о. кылымдагы араб адабияты­нын жомоктордон, аңгемелерден, новеллалар­дан куралган адабий эстелиги. Дүйнөлүк көркөм мурастын төрүнөн орун алган бул чыгарманын негизги сюжети зулум падыша Шарияр жана анын вазиринин амалкөй кызы Шахразада жөнүндөгү жомокко түйүндөлгөн. Анын кыскача сюжети: ак нике аялынын бузукулугунан улам жаны кашайган падыша адегенде аялынын ба­шын алып, андан кийин өз жергесиндеги бой тарткан кыздардан күндө бирди алдырып ке­лип жатып, күн чыгарбай башын ала турган болот. Падышалыкта колго алар кыз калбаган­дан кийин вазир өзүнүн тун кызы Шахразада­ны жетелеп келүүгө аргасыз болот. Айлакер Шахразада алгачкы түнү эле падыша көңүлүн жомокко уютуп, күн чыкканча уктатып салат. Жомоктун кызыгына баткан падыша миң бир түнгө чейин кулак түрүп олтура берет. Шахра­заданын эркине багынат. Акыры ал анын сүйүктүү аялы болуп калат. «М. б. т-дүн» мазму­ну көп кырдуу социалдык чөйрөнү кучагына кам­тыйт: Багдад халифатынын турмушун баян­дайт, өң карама казылар менен эки жүздүү дин кызматкерлеринин адилетсиздиги ашкереленет, анда элдик кулк-мүнөздүн ажары өзгөчө ши­релүү тил менен ачылат. Окумуштуулар менен ада­биятчылар бу жомок «Миң жомок» («Хезар аф­сане») деген ат менен инди тилинде жаралып, кийин (9-кылым) фарсы тилине которулса керек деп

болжолдошот. «М. б. т-дү» араб иезуити Саль­хани ашык сөз, артык баш туюнтмалардан арылтып, 19-к-да кайра басып чыгарган. Ки­йин Европадагы калктардын тилине которууда ошол текст чоң кызмат кылган. «М. б. т-дү» толугу менен орусчага которуу 1929-39-ж. ишке ашкан. 8 томдугу М. Горькийдин баш сөзү, ака­демик И. Ю. Крачковскийдин редакциясы менен жарыкка чыккан. Анын тандамал жомоктору кыргызчага которулуп, 1956-, 1975-жылы массалык нускада басылган. «М. б. т.» көп элдин фольк­лоруна өтө чоң таасир тийгизген. Анын сюже­ти боюнча «Багдад уурусу» (1924, АКШ), «Синбад­дын жетинчи саякаты» (1958, АКШ), «Алладин­дин ыйык чырагы» (1967, СССР) деген фильм­дер жаралган.