МИНУСА АЙМАГЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска

МИНУСА АЙМАГЫ - Хакас-Минуса ойдуңу. 18-к-дын 2-жарымына чейин «Кыргыз жери», «Кыргыз өлкөсү» катары белгилүү брлгон. Ба­йыркы кытай хроникаларында (к. Кытай та­рыхый даректери) түрктөрдүн түпкү аталары­нын бири Нишидунун (Надулу-шад) биринчи аялы 4 уул төрөп, алардын бири Кыргыз (Цигу) деген ат менен Абакан (Афу-шуй, башкача айтканда Абыган­суг) жана Енисей (Цзянь-шуй, башкача айтканда Кем-суг) д-нын аралыгына падыша болгону тууралуу мифтик кабар кезигет. Тарыхый топоним катары түштүк- батышынан Кичи Абакандын оң куймасы Кыр­гыз-Суу (Хыргыс суг), түштүгүнөн да Кыргыз­Суу жана Жой суулары, чыгышынан Амыл жана Хабык өзөндөрүнүн куймалары Кыргыз-Жул (Хыргыс чул), түндүк, түндүк-батышынан Кузнецк Ала-Тоосунун этеги, Үрүп суусу менен чектелген. Аталган жерлер жалпысынан М. а. деп аталып, Кыргыз мамлекетинин метрополиясы катары таанылган. Бул аймактан байыркы кыргыздарга таандык көптөгөн маалыматтар (энчилүү аттар, жазма, археол. ж. б. эстеликтер) табылып (к. Минуса ойдуңундагы «кыргыз» топонимдери), көпчүлүгү Минусинск ш-ндагы музейде сакта- ЛУУ турат. 18-к-дын 2-жарымынан Россия им­периясынын курамына кирген. О. Каратаев.