МИНИСТРЛИКТЕР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(2 intermediate revisions by the same user not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска

МИНИСТРЛИКТЕР - мамлекеттик башкаруунун борбордук органдары. М. КРдин мыйзамдарынын, КР ЖК­нын токтомдорунун, КР Президентинин акты­ларынын, КР Өкмөтүнүн токтомдорунун жана буйруктарынын негизинде жана аларды аткаруу иретинде иш алпарат. М-ге - министрлер баш­чылык кылат жана министрликтерге жүктөлгөн иш-милдеттердин аткарылышы үчүн жекече жоопкерчилик тартат. КР М-и өз компетенция­сынын чегинде нормативдик актыларды чыга­рууга жана алардын аткарылышын текшерүүгө укуктуу, КР Өкмөтүнүн курамы - толугу менен КР ЖК министрлери тарабынан аныкталып бекитилет. КР министрлери КР Өкмөтүнүн жана анын Президиумунун отурумунда каралуучу ма­селелерден, о. э. белгиленген тартипте КР баш­ка М-и, мамлекеттик комитеттери жана мамлекеттик башка­руунун башка органдары менен макулдашууну талап кылган маселелерден тышкары өздөрүнө тапшырылган иш чөйрөсүнө тиешелүү мамлекеттик башкаруу маселелери боюнча өз алдынча чечим кабыл алат.