МИНЕРАЛОГИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска

МИНЕРАЛОГИЯ (минерал жана ...логия) - мине­ралдардын пайда болушу, химиялык курамы, физикалык касиеттери, түзүлүшү, табияттагы орду жана өзгө­рүлүшү, эл чарбасында колдонулушу жөнүндөгү илим; геологиянын бир тармагы. М-нын негиз­ги багыттары: кен байлыктарды табуу; аларды толук изилдеп, эл чарбасы менен ө. ж-дын бар­дык тармактарында комплекстүү түрдө колдо­нуу; физикалык касиеттери менен химиялык курамына жара­ша өз алдынча топторго бөлүү; пайда болушун, алган ордун аныктоо; пайдалуу бирикмелерин бөлүп алуу технологиясын иштеп чыгуу; экономикалык жактан арзан өндүрүп алуу жактарын кароо; пайда болуу шарттарын билүү; синтездеп жа­салма минералдарды (алмаз, оптикалык флюо­рит, кварц ж. б.) өндүрүү жана аларды ө. ж-дын бардык тармактарында кеңири пайдалануу; та­ралышы, кездешүү шарты боюнча жер бетин өз ал­дынча райондорго бөлүү ж. б. М. илиминин не­гизин физика, химия, кристаллография сыяк­туу так илимдер түзөт. Адам баласы алгачкы жашоо-тиричилигинде ар кандай таштарды (кварц, нефрит ж. б.) курал катары колдонгон. Минералдардын жөнөкөй классификациясы грек окумуштуусу Аристотелдин эмгектеринде да кездешет. 11-к-да 0. Азия илимпозу Ибн Сина (Авиценна) менен Аль-Бируни М. илимине негиз салышкан. Ибн Сина минералдарды төрткө

бөлгөн: 1) таштар менен топурактар; 2) күкүрттүү минералдар; 3) металлдар; 4) mysдар. Бируни 18 асыл таш менен минералдын физикалык касиеттерин, с. салм-н биринчилерден болуп аныктаган. Орус окумуштуулары М. В. Ломоносов, В. М. Север­гин, Н. И. Кокшаров, П. В. Еремеев, Е. С. Фёдо­ров ж. б. М. илимине зор салым кошкон. Не­мис П. Грот, Р. Браунс, австриялык Ф. Беке, француз А. Лакруа 19-20-к-да М. илимин ан­дан ары өркүндөтүшкөн. 19-к-дан баштап гео­химия, петрография өз алдынча илимий тармак бо­луп бөлүнгөн. А. Д. Архангельский, А. Е. Фер­сман, Н. М. Фёдоровский, С. Смирнов ж. б. советтик окумуштуулардын илимий эмгектери зор маа­ниге ээ.

Ад-: Милоеский А. В„ Кононов О. В. Минералогия. М., 1982; Бетехтин А. Г. Курс минералогии. 2-е изд. М., 2010.