МИНЕРАЛДУУ ЖЕР СЕМИРТКИЧТЕР: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МИНЕРАЛДУУ ЖЕР СЕМИРТКИЧТЕР - өсүмдүккө керек азык заттары бар минерал mys жана айрым химиялык бирикме. М. ж. с. топурактын күрдүүлүгүн арттырат, анын физикалык, химиялык жана биол. касиетине, микроорганизмдердин өсүшүнө таасир берет, топурак эритиндисинин кычкылдуулугун өзгөртөт. Өсүмдүктүн өнүп, өсүшүн тездетип, түшүмүн жогорулатат, продукциянын сапатын жакшыртат. Агрономиялык жактан
жана өсүмдүккө тийгизген таасири боюнча түз жана кыйыр таасирдүү М. ж. с-ге бөлүнөт. Т ү з т а ас и р д ү ү М. ж. с. өсүмдүктүн өзүн азыктандырат. Мындай М. ж. с. жөнөкөй жана татаал (комплекстүү) болуп айырмаланат. Жөнөкөйлөргө азот М. ж. с. (аммиак, натрий, кальций селитралары ж. б.); фосфор М. ж. с. (суперфосфат, фосфорит уну ж. б.); калий М. ж. с. (калий mysу, калий сульфаты ж. б.). Ал эми татаал же комплекстүү М. ж. с. курамында эки же андан көп элементтер болот. Мисалы, аммофос, диаммофос, нитрофос ж. б. Кыйыр таасирдүү М. ж. с. топурактын агрохим., физикалык-химиялык касиеттерин жакшыртууда пайдаланылат. Буларга акиташ, гипс, фосфогипс кирет. Топурак кычкылдуулугуна тийгизген таасири боюнча кычкыл, жегичтүү жана нейтралдуу М. ж. с-ке бөлүнөт. М. ж. с. органикалык жер семирткич менен кошо оптималдуу өлчөмдө колдонгондо натыйжалуулугу жогорулайт. М. ж. с. талаага күзүндө же жазында, үрөн менен кошо жана өсүмдүктүн өсүү мезгилинде (кошумча азыктандыруу) чачылат. М. ж. с-ти туура эмес колдонууда (ашыкча чачуу, топуракка начар көмүү) топурактын күрдүүлүгү начарлайт, көлмө, суулар булганат, өсүмдүк солуйт.
Ад.: Ибраимов Н. Жер семирткичтер жана аларды натыйжалуу колдонуунун жолдору. Ф., 1978.