МИМИКРИЯ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МИМИКРИЯ (грекче mimetikos - окшошуу) - өсүмдүк менен жаныбардын түсүнүн, формасынын өзү жашаган чөйрөгө окшошуусу. М. табигый тандалуунун натыйжасында пайда болуп, жашоо үчун курөштө жаныбарлардын тиричилигине шарт түзөт. Жаныбарлар түсү, формасы айлана-чөйрөгө же уулуу жаныбарларга окшошуп, душмандарынан коргонот. М-га чулдуктун жумурткасынын формасы жана түсү жээктеги майда таштарга, кээ бир дёңиз жандыктарынын деңиз балырына, жырткыч жаныбардын айланачөйрөгө окшошуусу; ак көпөлөк желбей турган, жыты сасык өтө ачык түстөгү көпөлөккө окшошушу ж. б. кирет. Айрым жаныбарлар жашыл же кургаган жалбыракка абдан окшошуп, М-ны күчөтөт. Мисалы, кээ бир көпөлөктөр түшүп жаткан кургак жалбыракка окшоп, айланып учат. Өсүмдүктөрдүн М-сы пайдалуу жаныбарларды өзүнө тартуу же зыяндууларын коркутуу үчүн керек. Мисалы, нектары жок гүл сыртынан балдуу өсүмдүккө окшошуп, нектар издеп жүргөн аарылар аларды чаңдаштырып кетет. Кээ бир курт-кумурскалар менен азыктан-

ган өсүмдүктөрдүн кармоо аппараттары ачык түстөгү гүлгө окшоп, жем болуучу чымын-чиркейди өзүнө тартат. Орхидеянын гүлү, түсү, жыты кээ бир_чандаткыч чымын-чиркейдин ургаачысына окшош болгондуктан, алардын эркектери келип, гүлдү чаңдаштырат.