МИЛЛЕР Мертон Говард: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (4 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МИЛЛЕР Мертон Говард (16. 5. 1923, Бостон - 3. 6. 2000, Чикаго) - америкалык экономист-финансист. Нобель сыйл. лауреаты (2009). 1943-жылы Гарвард университетин бүткөн. Чикаго университетинин проф. (1961-93), Чикаго соода палатасында (1983-85), Чикаго соода биржасында (1990-2000) коомдукдиректор. М. Капиталдык рынок шартында капиталдын рыноктук наркына андагы баалуу кагаздар боюнча дивиденттик төлөмдөрдүн көбөйүшү же азайышы таасир этпестигин, ошондой эле рынок капиталына катышкан фирманын наркы анын чыгарган баалуу кагаздары эмес, анын реалдуу активи менен аныкталарын далилдеген.
Эмг.: Сколько стоит фирма? М., 2001 (Ф. Модильяни менен бирге); Эмиссия облигаций для увеличения капитала//Мировая экономическая мысль. Сквоз призму веков. М., 2005. Т. 5, Кн. 2.