МИЛИТАРИЗМ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(5 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска

МИЛИТАРЙЗМ (латынча militaris - согуштук) - өлкөнүн бийлик жүргүзгөн топтору мамлекет­тин куралдануу күчүн өстүрүш үчүн пайдаланы­луучу саясий, экономикалык жана идеол. каражаттар сис­темасы. М-ге жарыша куралдануу, аскердик бюджетти өстүрүү, чет мамлекеттерде өзүнүн ас­керлеринин санын өстүрүү, агрессиялык согуш­тук-саясий блокторду (уюмдарды) түзүү, өлкөнүн экономикасында жана анын ички жана тышкы саясатында аскердик-ө. ж. комплексинин таа­сирин күчөтүү мүнөздүү. М. капитализм тушун­да экономикалык саясий жана идеол. система катары ка­лыптанган. Франция-Пруссия согушунан (1870- 71) кийин, айрыкча капитализм империалист­тик стадияга өтө баштаганда (20-к-дын башы) М. мурдагыдан да кыйла күчөгөн. Буга өзгөчө капиталисттик өлкөлөр ортосунда карама-кар­шылыктын курчушу таасир эткен. Россиядагы революциянын (1905-07) таасиринен революциялык жана улуттук-боштондук кыймыл кеңири кулач жай­ганда капиталисттик өлкөлөрдүн башкаруучу төбөлдөрү «ички душмандарга» каршы күрөшүү үчүн да М-ди күчөткөн. 1-дүйнөлүк согушка (1914-18) 74 миллион киши тартылган. Анда мамлекеттик- монополисттик капитализм менен бирге М. да күчөгөн. Улуу Октябрь социалисттик революциясынын таа­сиринен чочулаган империалисттер бүтүндөй куралдуу күчүн Совет мамлекетине каршы ба­гыттап, аны туш тарабынан кысып кирген. Бирок совет эли ал агрессиянын мизин кайтар­ган. 2-дүйнөлүк согуш (1939-45) алдында дүй­нөнү жаңыча бөлүштүрүүнү талап кылган өлкө­лөрдө (Германия, Италия, Япония) М. бөтөнчө күчөгөн. Согуштан кийин М-ди АКШ менен Улуу Британия кеңири колдонуп, өздөрү түзгөн аг­рессиячыл согуш блокторун (НАТО, СЕНТО, СЕАТО ж. б.) социалисттик өлкөлөргө жана көз каранды элдердин боштондук күрөшүнө каршы багыт­таган. Алардын агрессиячыл аракети дүйнөдө согуш очокторунун чыгышына жана куралдуу кагылыштарга алып келген (мисалы, АКШнын Индикытайдагы куралдуу агрессиясы, Израил­дин Египет, Сирия жана Иорданияга кол са­лышы). 2-дүйнөлүк согуштун аякташы менен М-дин андан аркы өнүгүшү эл аралык кыр­даалга зор таасир тийгизген. Кийин «кансыз согуш», «күч позициясы саясаты», «психоло­гиялык согуш» ж. б. тышкы саясий пикирлер менен аскердик-саясий доктриналардын жайы­лышы М-дин өөрчүшүнө өбөлгө түзгөн. Азыркы учурда М-ге жарыша куралдануу;/ мамлекеттик бюд­жетте согуштук чыгымдарды көбөйтүү, эгемен мамлекеттердин ички ишине куралдуу кийли­гишүү, аскер ө. ж. күчтөнтүү кадимки көрүнүш болуп калды. М-дин активдүү улантуучусу ка­тары эл аралык аренада экстремисттик, улут­чул, террордук ж. б. мамлекеттик эмес көптөгөн уюм­дар пайда болду.