МИКСЕДЕМА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
| (2 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МИКСЕДЕМА (грекче myxa - былжыр жана oidema - шишик), гипотиреоз - калкан сымал бездин функциясынын начарлашынан же толук токтошунан болуучу оору. Анын тубаса жана кийин цайда болгон түрү бар. М. түйүлдүк мезгилинде баланын өөрчүшү бузулганда же ага инфекция киргенде, чанда калкан сымал без сезгенгенде, ошондой эле гипофиз жабыркаганда да болушу мүмкүн. М-да тери жана тери алдындагы клетчаткада былжырлуу шишик пайда болот, тери кургап, чач түшөт, киши тез чарчап, уйку басат, дене температурасы, кан басымы, зат алмашуу төмөндөйт. Балдардын бою өспөй, тиши кеч чыгат, психикасы өзгөрөт. Калкан сымал без кичирейип, аялда этек кир цикли бузулат, боюнан түшүүсу мүмкүн, эркекте импотенция болот. Дарылоону врач жүргүзөт. Калкан
сымал бездин дары-дармектерин дайыма врачтын көзөмөлүндө кабыл алуу керек.