МИКРОНЕЗИЯЛЫКТАР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(4 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска

МИКРОНЕЗИЯЛЫКТАР - австронезия элдери­нин тобу, Микронезия а-нын (Каролин Мар­шалл, Мариана, Гилберт, Лайн, Феникс, Ошен,

Науру а.) жергиликтүү калкы (кирибати, япондор, мар­шаллдар, труктар, волеаи, улити, сонсоролдор, чаморро, белау, понапе, косраэ, пулуват, нау­ру, банаба ж. б.). Саны 380 миң киши (2010). М-дын антропол. тиби меланезиялыктардын, полинезиялыктардын жана индонезиялыктар­дын аралашуусунан чыккан. М-дын бул элдер менен жалпы окшоштугу маданиятынан да байкалат. Австронезия жана англис тилдеринде сүйлөшөт. Христиан (көбүнчө протестант) динин тутушат, бирок аларда байыркы жергиликтүү диний ишенимдер басымдуу. М. балыкчылык, багбанчылык жана кол өнөрчүлүк менен кесиптенишип, дубалы жы­гачтан тургузулган, чатыры эки же төрт жан­таймалуу келип, жалбырак менен жабылган, чар­чы, кээде боз үй сымал курулган үйлөрдө жа­шашкан. Салттык кийими - саронг.

Микронеаиялык жаштар.