МИКРОКЛИН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(5 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска

МИКРОКЛИН (микро... жана грекче klino - жантаюу, эңкейүү) - талаа шпаттар тобуна кирүүчү мине­рал. Химиялык формуласы (К, Ма)[А1813О8]. Призма түрүндө кристаллдашат. Өңү-түсү кызгылт, мала кызыл, киргил саргыч, кээде ак, агыш, көгүш жашыл (амозонит). Айнек сыяктанып жылты­райт. Катуулугу 6-6,5. Интрузия тоо тектери­нин (гранит, гранодиорит, пегматит) жана гней­стердин курамында кездешет. Карапачылыкта (карапа, чайнек, чыны ж. б. жасоодо) кеңири колдонулат.