МИКОЯН Анастас Иванович: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МИКОЯН Анастас Иванович [13 (25). 11. 1895, Тифлис губерниясы, Борчалинск уезди, Санаин кыш. (азыркы Армения, Алаверди ш-нын чегинде) - 21. 10. 1978, Москва] - советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1943). Тбилисидеги Армян диний семинариясын бүтүргөн. 1915-жылы РСДРПге кирген. 1-дүйнөлүк согушта Кавказ армиясынын курамында согушкан. Февраль революциясынан кийин Бакуда, Тифлисте партиялык үгүт иштерин жүргүзгөн. 1917-жылы Кавказ крайлык большевиктик уюмунун 1-съездине делегат болгон. 1917-жылы ноябрдан РКП(б)нин Баку комитетинин президиумунун мүчөсү, «Социал-демократ», «Баку советинин кабарлары» гезиттеринин редактору. 1918-жылы марттан мусаватчылардын контррев-ялык козголоңун басууга катышкан. Баку коммунасы кулаган (31. 7. 1918) соң, РКП(б)нин жашыруун обкомунун төрагасы, 1919-20-ж. Бакуда, Нижний Новгороддо партиялык жетекчи кызматтарда. 1922-24-ж. Ростов-на Донуда РКП(б) БКнын Түштүк-Чыгыш бюросунун, 1924-26-ж. РКП(б)нин [ВКП(б)] Түндүк Кавказ крайкомунун секретары, Түндүк Кавказ аскер округунун Революциялык аскер советинин мүчөсү, 1926- 30-ж. СССРдин ички жана тышкы соода, 1930- 34-ж. жабдуу, 1934-38-ж. азык-түлүк ө. ж., 1938-49-ж. тышкы соода эл комиссары, 1953-жылы март-август айларында СССРдин ички жана тышкы соода, 1953-55-ж. соода министри. Ошол эле мезгилде СССР ЭКСтин төрагасынын орун басары (1937-, 1953-жылы март; 1954-55), 1955- 64-ж. СССР Министрлер Советинин төрагасынын 1-орун басары, 1964-65-ж. СССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы жана 1965-жылдан 1974-жылы чейин мүчөсү. Кызыл Туу, 6 Ленин орден менен сыйлаган.
Ад.: Анын Ичинде Микоян. Материалы «круглого стола» в Горбачев-фонде. М., 1996; Павлов Н. Ю. А. Микоян. Политический портрет на фоне советской эпохи. М., 2010.