МИКОЗДОР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
| (2 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МИКОЗДОР (грекче mykes - козу карын) - жаныбар жана адамдын мите козу карындар пайда кылуучу жугуштуу оорулары. А д а м д а М. 2 топко (сырткы жана терең) бөлүнөт. Сырткы М. тери, тырмакты жабыркатат (дерматомикоздор). Көбүрөк кездешүүчү М-го кандидоз, эпидермофития, трихофития ж. б. кирет. Организмге козу карын менен булганган аба менен дем алганда, тамак-аш, тери жана былжыр чел
аркылуу жугат. М-дун пайда болушунда иммун жетишсиздик, начар тамактануу, өнөкөт оорулар, антибиотикти, гормон дарыларын узакка кабыл алуу ж. б. чоң роль ойнойт. М-дун бёлгилери оорунун түрүнө жана жайгашкан жерине жараша ар түрдүү болот.
М а л д а. Дерматомикоздор (парша, трихофития, микроспория) бодо малда, чакалай жылкы, ит, мышык, чочко, териси баалуу айбандарда, аспергиллёз куш жана бал аарыларда, кандидамикоз кушта, актиномикоз бодо малда, сапролегниоздор жана бранхиомикоз балыкта кездешет. Козгогуч жараат аркылуу, аэрогендик (аба аркылуу) жана алиментардык (ооз аркылуу) жолдор менен кирип, малдын ички органдарын дартка чалдыктырат. Мында иммунитет пайда болбойт, ылаң кайталана берет. М. дайыма өнөкөт түрдө өтөт. Эпизоотол. маалыматтардын, клиникалык белгилердин жана патанат. өзгөрүүлөрдүн жана лабор. изилдөөнүн негизинде диагноз коюлат. М-ду дарылоо үчүн негизинен антибиотиктер (гризеофульвин, нистатин ж. б.), комплекстүү препараттар (миковет) жана фунгициддер (көк таш, сулема ж. б.) колдонулат. Алдын алууда короо-сарайдын ичи-тышын ветеринариялык- санитариялык талапка ылайык таза кармоо, убагында дезинфекциялоо, малды сапаттуу тоют менен камсыз кылуу маанилүү. Д. Раимбеков.