МИКЕНЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска

МИКЕНЫ - Арголидцеги (Түштүк Грекия) байыр­кы шаар, Эгей маданиятынын ири борбору. Биздин заманга чейинки 3-миң жылдыкта чакан турак-жай болгон. Биздин заманга чейинки 17-к-дан ахейлердин алгачкы таптык мамлекеттеринин биринин борбору. Биздин заманга чейинки 16- 15-к-да М-нын акрополунда чептер жана хан

Микены акрополу.

сарайы тургузулган. М. 1400-1200-жылы гүлдөп, 1200-жылы өрттөн кыйраган. Шаарды казуу иште­ри (немис археологу Г. Шлиман, англис оку­муштуусу А. Уэйс, грек окумуштуулары X. Цун­тай, Г. Милонас ж. б.) 1876-жылдан мезгил­мезгили менен жүргүзүлүп, сарай, табытканалар, чоң таштардан тургузулган дубалдар, кол өнөр­чүлөрдүн үйлөрү ж. б. табылган.