МИДУЭЙ АТОЛЛУ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
м (1 версия) |
| (2 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МИДУЭЙ АТОЛЛУ Тынч океандын борбордук бөлүгүндө, Гавайи а-нан түндүк-батышта жайгашкан. Аянты 6,2 км2. Атоллго Чыгыш жана Кумдуу а. да кирет. М. а-н 1859-жылы америкалык капитан Брукс ачкан. 1867-жылдан АКШнын ээлиги. АКШнын аскер-деңиз күчтөрүнүн командачылыгы атоллду Мидуэй («жолдор ортосу») деп атаган. Калифорниядан Японияга кеткен жолдун ортосунда. 1903-жылы трансокеан кабель байланыш станциясы, 1935-жылы «Панам эруэйз» аэродрому
курулган. 1941-жылдан 1993-жылы чейин АКШнын аскер-деңиз базасы болгон. 1942-жылы атоллдо айыгышкан катуу согуш болуп, анда Япония флоту талкаланган. 1996-2001-жылы туристтер келип турушкан. Учурда АКШнын улуттук коругу.