МЕШКОВ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска

МЕШКОВ Николай Иосифович (1930-жылы туулган, РСФСР, Воронеж обл., Воробьев району, Николь­ский айылы ) - Социалисттик Эмгектин Баатыры (1988). Воро­неж а. ч. институтун бүтүргөн (1955). 1955-жылдан Ош (азыркы Жалал-Абад) обл-нун Жаңы-Жол (азыркы Аксы) р-нундагы Караван МТСинде башкы инженер, Караван РТСинин директору, «Кыргыз айыл чарба

техникасынын» Караван бөлүмүнүн башкаруучусу, 1962-жылдан ошол эле райондогу «Кызыл-Жар» совхозунда дирек­тор болуп иштеген. Ал же­тектеген чарба дан эгин­дери менен тоют өсүмдүктөрүн өстүрүү жана мамлекетке сатуу ж. б. боюнча планды ашык орундатып, ар уйдан 3580 кгдан сүт саалган, ар бир койдон ИОдон козу алынган. Чарбанын рента­белдүүлүгү арткан. 1967- жылдан Кыргыз ССР Жо­горку Советинин депутаты болгон. Ленин, Эм­гек Кызыл Туу, Октябрь Революциясы, Эл Дос­тугу ордендери менен сыйланган.