МЕЧИТ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска

МЕЧИТ (арабча масжид - сыйынуу жайы) - му­сулмандар чогулуп намаз окуй турган жай. Ме­кедеги ыйык таш - Кааба жайгашкан Масджид аль-Харам мечити мусулмандардын башкы М. болуп саналат. Хижрадан кийин 623-жыл­дын ортосунда Ясриба (Медина) аймагына (Му­хаммед пайгамбардын үйүнүн жанында) би­ринчи М-ти Мухаммед салдырган. Андан кийин

Аламүдүн районунун Восток айылындагы мечит.

М-тер ири шаарларда, кийин айыл-кыштактар­да курула баштаган. 7-8-к-да мусулман өлкөлө­рүндө намаз окуй турган залдары Меке тарапка багытталган, тик бурчтуу М-тер, 10-к-да айва­ны бар М-тер, кийинчерээк башкы фасадда мо­нумент порталдуу, кумпалуу М-тер кеңири та­раган. Алгач М-тер жарлыктар жарыялануучу, сот иштери өткөрүлүүчү жайдын, балдарды са­баттуулукка үйрөтүүчү медресенин милдетин аткарып келген. М-терде атайын дин кызмат­керлери даярдалып, алар жер-жерлерге динди жайылтуу максатында жөнөтүлүп турган. СССР­де динге каршы саясаттан улам М-тин кызматы чектелип, дээрлик М-тердин көбү жабылган. СССРдин кулашы (1991) менен жер-жерлерде М-терди массалык түрдө куруу жана ачуу тездик менен өскөн. Кыргызстандын аймагында 2200 (2012) М. катталып, алар мусулмандардын диний керектөөлөрүн камсыз кылуу менен катар, ислам окуу жайларына, М-терди ондоо жана куруу иштерине, ошондой эле муктаж болгон адамдарга материалдык жардам (2012-жылга карата 993 000 сом же 17200 доллар сарпталган) берип турушат.