МЕЧИТ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (5 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МЕЧИТ (арабча масжид - сыйынуу жайы) - мусулмандар чогулуп намаз окуй турган жай. Мекедеги ыйык таш - Кааба жайгашкан Масджид аль-Харам мечити мусулмандардын башкы М. болуп саналат. Хижрадан кийин 623-жылдын ортосунда Ясриба (Медина) аймагына (Мухаммед пайгамбардын үйүнүн жанында) биринчи М-ти Мухаммед салдырган. Андан кийин
М-тер ири шаарларда, кийин айыл-кыштактарда курула баштаган. 7-8-к-да мусулман өлкөлөрүндө намаз окуй турган залдары Меке тарапка багытталган, тик бурчтуу М-тер, 10-к-да айваны бар М-тер, кийинчерээк башкы фасадда монумент порталдуу, кумпалуу М-тер кеңири тараган. Алгач М-тер жарлыктар жарыялануучу, сот иштери өткөрүлүүчү жайдын, балдарды сабаттуулукка үйрөтүүчү медресенин милдетин аткарып келген. М-терде атайын дин кызматкерлери даярдалып, алар жер-жерлерге динди жайылтуу максатында жөнөтүлүп турган. СССРде динге каршы саясаттан улам М-тин кызматы чектелип, дээрлик М-тердин көбү жабылган. СССРдин кулашы (1991) менен жер-жерлерде М-терди массалык түрдө куруу жана ачуу тездик менен өскөн. Кыргызстандын аймагында 2200 (2012) М. катталып, алар мусулмандардын диний керектөөлөрүн камсыз кылуу менен катар, ислам окуу жайларына, М-терди ондоо жана куруу иштерине, ошондой эле муктаж болгон адамдарга материалдык жардам (2012-жылга карата 993 000 сом же 17200 доллар сарпталган) берип турушат.
