МЕЦЦО-ТИНТО: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МЕЦЦО-ТЙНТО (итал. тегго - орто жана tinto - боёлгон, түстөлгөн) - металлга терең басып түшүрүлгөн гравюранын бир түрү. М.-т. гравюрасына форма даярдаган кезде жез тактанын жылмаланып жалтыраган бетине механикалык же химиялык ыкма менен быдыр түшүрүлөт. Баскан кезде мындай тактадан тегиз кара түс түшөт. Тактадагы сүрөттүн түстүү жерлери дал келген бөлүктөрү чуңкурайтылат, жылмаланат жана сырдалат, таза же боёк сүйкөлгөн быдыр бетине ийне же калем менен сүрөт тартылып, өңү ачыгыраак болуучу жерлери тегизделет, көлөкөдөн жарыкка өткөндө агара тургандай түр берилет. Өтө агыш жерлерин тегиздегич жана шабер менен тегиздешет. Сүрөтчү штрих менен эмес (офорт же оюп кесилген гравюрадагыдай), түстүк тактар менен карадан агышты көздөй иштейт. Бул ыкма түстүү басуу ыкмасында да колдонулат. М.-т-ну немис устасы Л. Зиген 17-к-дын ортосунда ойлоп чыгарган. 18-кылым-19-к-дын башында Англияда, Францияда, Россияда өнүккөн.