МЕХАНИКАЛАШТЫРУУ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (3 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МЕХАНИКАЛАШТЫРУУ — кол менен иштетилүүчү эмгек каражаттарын машина, механизм жана аппараттар менен алмаштыруу. М-нун негизги максаты - эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана адамды оор жумуштан бошотуу. М-нун техникалык каражаттарына кыймылдаткычы (электр, буу, гидравликалык ж. б.), берилген операцияны ишке ашыруучу атайын түзүлүшү (жүк көтөрүпташуучу, желдетүүчү, муздатуучу ж. б. орнотмолор) бар машина жана механизмдер кирет. М. 18-к-да башталып, 19-к-дан машина, механизм жана аппараттарды кенири колдонуу менен жумуштун жеңилдеши эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн жана өндүрүш масштабынын тез өнүгүшүнө алып келгенетикалык М-нун деңгээли жана натыйжалуулугу эмгекти М. коэфф-тине, өндүрүштүн машина, энергия менен жабдылышына жараша аныкталат. Ө. ж., а. ч., курулуш жана транспорттогу өндүрүш процесстерин комплекстүү М. жана автоматташтыруу үчүн машиналар системасы, энергетиканы М-да ири электр станциялары курулуп, бирдиктүү энергия системалары түзүлүүдө. Шахтада жогорку өндүрүмдүү комбайндар иштөөдө. Газ, нефть сордуруу ө. ж-нда жогорку өндүрүмдүү каражаттар (бургулоочу жабдуулар) пайдаланылууда. Металлургияда оор жумуштарды М. домналарды, чоюн эритүүчү жана прокат цехтерин М-га багытталган. Жалпы алганда, тоо-кен ө. ж-нда, газ жана нефть алуу өндүрүшүндө, металлургияда, машина курууда, жүк көтөрүпташуу жумуштарында, курулушта, транспортто, токой чарба, жеңил жана тамак ө. ж. өндүрүшүндө, тиричилик, тейлөө чөйрөсүндө, а. ч-да М. эң кубаттуу өндүрүштү түзүүгө алып келет. Техникалык прогресстин негизги багыттары энергияны башка түргө түздөн-түз айландыруу, айланачөйрөнү коргоо иштерин жүргүзүү менен М. иштерин өркүндөтүүнү көздөйт.