МЕТОНИМИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(4 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска

МЕТОНИМИЯ (грекче metonymia - ат алмашты­руу) - поэтикалык жана карапайым сөздө (речте) колдонулуучу троптордун бир түрү, реалдуу тү­шүнүктүн же байланыштын негизинде бир сөздүн башка бир сөз менен өзгөрүп айтылышы. Көркөм чыгармадагы сүрөттөлгөн окуянын, түшүнүк­түн аты башка бир предметтин, түшүнүктүн аты менен аталып, ал түшүнүк же өзү өтмө мааниге ээ болот. Мисалы, Уктап жаткан кыштакка/Балкы­тып күн нур чачат (Ж. Турусбеков, «Кыштак­та»). Мында акын «уктап жаткан эл» дегендин ордуна «кыштак» деген сөздү колдонгон. М-нын төмөнкүдөй учурларын белгилөөгө болот: 1) нер­сенин же кишинин аты башка нерсе же буюм­дун ордуна колдонулат [(мисалы, Бөтөлкөнү көрүп,/ Шилекейин жуткан. (М. Алыбаев)]; 2) автордун наамы менен чыгармасы туюнтулат (мисалы, Жазуу келёчегим жөнүндө көп ойлойм. Лермонтовду окуп-окуп таң калам. (А. Осмонов)]; 3) нерсе ал жасалган материал менен алмашылат [(мисалы, Кут­карып ушул чоюн жалдыроодон,/Айтпагын, акын иним, чыкты черим... (Ж. Турусбеков)]; 4) бир нерсенин аракети жана анын натыйжасы ушул аракетти ишке ашыруучу нерсенин атына көчүрүлөт [(мисалы, Неге сен ыраак кеткен сапа­рыңан/Ээриң жок жайдакталып кайра келдиң?/ Неге сен ыраак кеткен сапарыңан/Эскиртип канатыңды кайра келдиң? (А. Осмонов)]; 5) бел­гилүү бир жердеги кишилердин ордуна ал жа­шаган жер аталат [(мисалы, Карагандан айбыгам,/ Каттын сүрү бир башка. /Келген экен айлынан, /Курман болгон курдашка. (С. Эралиев)].