МЕТИЛМЕТАКРИЛАТ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(3 intermediate revisions by the same user not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска

МЕТИЛМЕТАКРИЛАТ, СН2=С(СН3)-СООСНЭ - метакрил кислотасынын метил эфири; түссүз суюк­тук. молекулалык салмагы 100,11; кайноо 1100,6°С. Сууда, органикалык эриткичтерде эрийт; от алуу температурасы 8°С. Суу менен жай (жегичтер жана кислоталар тездетет) гидролизденип, метакрил кислотасын пайда кылат. Минерал кислоталардын катышуусунда (катализа­тор катары), органикалык кислоталар менен ысытканда мета­крил кислотасын жана органикалык кислоталардын метил эфи­рин пайда кылат. М. полиметакрилатты пайда кылуу менен оңой полимерленет. Полимерленүүдөн сактоо үчүн стабилизатор (гидрохинон, жез) ко­шулат. Ө. ж-да метанолдун катышуусунда аце­тонциангидринди дегидротациялоо менен алынат. М-тын организмди уулантуучу жана наркоздук таасири бар, буусу былжыр челди дүүлүктүрүүчү зат; абадагы концент-сы 0,05 мг/лрен ашпоого тийиш.