МЕТЕОРЛОР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(3 intermediate revisions by the same user not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска

МЕТЕОРЛОР (грекче meteoron - абада калкуучу) - катуу бүртүкчөлөрдүн же тулкулардын (метеор тулкусу) планета аралык мейкиндиктен Жер атм-расынын эң чоң жогорку катмарына (75- 180 км бийиктикте) ылдамдык (12 км/сек жана андан да тез) менен киргенде от чыгарып жаркы­роолор. Атм-нын таасиринен метеор тулкусу адатта толук массасын жоготот, башкача айтканда «күйөт», ошондуктан от чыгарып, атм. газын иондошту­рат; сүрүлүүдөн жарык из калтырат. Жаркыра­ган М. болид, ал эми начар жаркыраганы учуу­чу жылдыздар деп аталат, к. Метеор агымы, Метеор жааны.

Ад.: Бронштэн В. А. Физика метеорных явлений. М., 1981; Волощук Ю. И„ Кащеев Б. Л„ Кручинен­ко В. Г. Метеоры и метеорное вещество. К., 1989.