МЕТАСОМАТОЗ КЕНДЕРИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(5 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска

МЕТАСОМАТОЗ КЕНДЕРИ - метасоматоз про­цессинен пайда болгон минерал чогундулары. Магмадан бөлүнүп чыккан өтө жогорку темп­радагы ысык суу буулары жер кыртышынын терең бөлүгүндөгү тоо тектерге таасирин тийги­зип, аларды массага айландырат. Натыйжада, химиялык реакция жүрүп, жаңы минералдар келип чыгат. Көбүнчө карбонаттуу тектер (акиташ те­ги, доломит) орун алган чөйрөдө активдүү жүрөт. Татаал түзүлүштөн турат да, зоналуу кенташ ка­баттарына айланат. Өз ичинен жогорку, орт., төмөнкү температуралуу зоналарга бөлүнөт. Жогор­ку температуралуу М. к-не түстүү, кара, сейрек учу­роочу металлдардын скарны менен грейзени ки­рет. Орт. температуралуусуна коргошун, цинк кен­таштарынын гидротермдери, төмөнкү температура­луусуна жез менен урандын инфильтрация кенде­ри мисал болот.

Ад.: Татаринов П. М. Условия образования место­рождений рудных и нерудных полезных ископаемых. М., 1963; Ермолов В. А. и др. Месторождения полез­ных ископаемых. М., 2001.