МЕТАЛЛ ЭМЕСТЕР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(2 intermediate revisions by the same user not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска

МЕТАЛЛ ЭМЕСТЕР - элементтердин мезгил­дик системасынын кичине жана чоң мезгилдери­нин аяк жагында жайгаштырылган, көп учур­да электронду кошуп алууга жөндөмдүү химиялык эле­менттер. Аларга Н2, М2, О2, Н2, Е2, инерттүү газ­дар, Вг, 81, С, Р, 8, ёГ ж. б. кирет. Инерттүү газдардан башка М. э. терс электрдүүлүккө ээ. Тышкы электрондук катмарындагы электрон­дордун саны алар жайгашкан топтордун саны­на туура келет. М. э. туруктуу абалга келиш үчүн жетишпеген электронду кабыл алат, башкача айтканда окистендиргич касиетке ээ. Ал касиети инерттүү газга жакындаган сайын күчөйт. Ал эми топ­тордо окистендиргич касиети төмөндөн жогору карай өсөт. Алар металлдар менен кошулуп, ион­дук байланыштагы бирикмелерди, мисалы, ИаС1, СаО, К28 ж. б.; өз ара аракеттенгенде ковалент­тик байланыштагы бирикмелерди пайда кылат, мисалы, Н2О, НС1, ИН3, СО2, СН4 ж. б. Калыбына келтиргич касиетке да ээ. М. э. суутек менен ар кандай бирикмелерди: НР, НС1, НВг, Н1, Н28, Н28е, Н2Те, СН4, ИН3; кычкылтек менен кислоталык кычкылдарды СО2, 8О2, 8О3, М2О., Р2О. берет ж. б. Нормалдуу шартта: Н2, Е2, С12, О2, М2 - газ, Вг2 - оор суюктук, калгандары - катуу зат. Эң терс электрдүү М. э. - галогендер. М. э-ди жана металлдарды кескин айырмалоого болбойт. Се­беби элементтердин мезгилдик системасында металлдык касиет, металл эместик касиетке акырындык менен өтөт, к. Амфотердуулук.