МЕТАЛЛОГРАФИЯ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (4 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МЕТАЛЛОГРАФИЯ (металлдар жана ...графия) - металлдардын жана металл куймаларынын түзүлүшү (структурасы) жөнүндөгү илим. М. металлдын ички түзүлүш законун, тартибин жана структурасынын өзгөрүшүнө жараша металлдын механикалык, электрлик, магниттик, жылуулук ж. б. касиеттеринин өзгөрүшүн изилдейт. М-нын негизги методдору: макрожана микроструктуралык анализ, рентген структуралык анализ. Бул анализдерди жүргүзүүдө колдонулуучу негизги куралдар: оптикалык, электрондук микроскоптор жана рентген аппараты. М. металлдардын механикалык, физикалык жана химиялык касиеттерин жогорулата турган түзүлүшүн, аларды механикалык жана термиялык. ж. б. иштетүү технологиясынын натыйжалуу жолдорун табууга мүмкүндүк берет.