МЕТАЛЛ КЕСКИЧ СТАНОК: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (4 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МЕТАЛЛ КЕСКИЧ СТАНОК - металл кескич аспап менен металл же металл эмес материалдарды, чала фабрикаттарды, сом металлды таарып, тетик даярдоочу машина. Ал технологиясы жана колдонулушуна жараша токардык, тешкич, көзөнөктү чоңойткуч, жылмалагыч, айкалыштырылган тиш чыгаргыч, сай чыгаргыч (фрезалык), сүргүч, ойгуч, кескич М. к. с-тор болуп бөлүнөт. Түрдүү операцияларды аткаруучу
универсал станок; чектелген операция аткаруучу станок; формасы окшош, бирок өлчөмү ар түрдүү тетиктерди иштетүүчү бир типтеги, өлчөмү бирдей тетиктерди иштетүүчү атайын станок болуп айырмаланат. Станокторду автоматташтыруу даражасы боюнча автоматтык катарлар; энергияны, материалдарды жана информацияны колдонуу, берүү, өзгөртүү процесстери толук механикалаштырылган (электрондук, электрдик, пневматикалык, гидравликалык) түзүлүштөр жана механизмдер системасынан турган станок-автоматтар; автоматтык жумушчу цикл менен иштөөчү жарым автоматтар; кол менен башкарылма станоктор да М. к. с-ко кирет.
