МЕТАЛЛДАР: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (4 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МЕТАЛЛДАР (грекче metallon - жерден казып алам) - кадимки шартта электр жана жылуулук өткөргөчтүгү жогору, ийилгич, иштетүүгө ийкемдүү «металлдык» жалтырактыкка ж. б. касиеттерге ээ болгон жөнөкөй заттар. Мындай касиеттерге ээ болушу алардын кристаллдык торчосунда кыймылдуу эркин электрондорунун болушуна байланыштуу. Менделеевдин мезгилдик системасындагы элементтердин 80%тен ашыгы металлдык касиетке ээ. Биринчи топтун башкы тобунун М-ы - щелочь М., экинчи топтун башкы тобунун М-ы (бериллийден башкасы) щелочь жер М-ы деп аталат. Башкы топтун М-ынын валенттик электрондору ирети менен з, р деңгээлчелерине, кошумча топтун М-ыныкы д. деңгээлчелерине, ал эми лантаноиддер менен актиноиддердики / деңгээлчелерине жайгашат. М-дын химиялык касиеттери валенттик электрондордун атом ядросу менен начар байланышта болушуна шартталган. Алар оң иондорду жеңил пайда кылышат. Окистенүү даражалары оң мааниге ээ. Калындыгы 10-4 мм А§, Аи жука баракчалары көгүлтүр жашыл түстө болот. М-дын эң майда күкүмү кара же каралжын. Айрым М. (1п, 8(1, Вх) бөлмө температурасында морт, ал эми ысытканда ийилгич. Кадимки шартта типтүү М-дын бардыгына металлдык касиет мүнөздүү. Өтө жогорку басымда М-дын касиеттери кескин өзгөрөт. Куймалары касиеттери боюнча металлга өтө жакын болгондуктан, металл катары каралат. М. жана анын куймалары ө. ж-да кеңири колдонулат.
Ад.: Зайцев Б. Э. Общие физические и химические свойства металлов. М., 1987; Абрикосов Атап Айтканда Основы теории металлов. 2-е изд. М., 2009.