МЕРКУРИЙ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (4 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МЕРКУРИЙ (астрономиялык белгиси)^) - Күн системасындагы. Күнгө эң жакын планета. Диаметри 4878 км, массасы 3,3-1023 кгга барабар. Күндөн аралыгы 46 миллион кмден, 70 миллион кмте, ал эми Жерден 82 миллион клден 217 миллион кмте чейин өзгөрүп турат, орбита тегиздигинин эклиптикага жантайышы 7°. Күнгө жакын болгондуктан, жарык бетиндеги температура өтө жогору. Экватордо чак түштө 415°Сден (перигелийде) 285°Сге (афелий) чейин өзгөрүп турат. Атмосферанын жоктугуна байланыштуу түнкүсүн -175°Сге чейин төмөндөйт. М-дин орт. тыгыздыгы Айдыкынан чоң, Жердики менен бирдей, башкача айтканда 5,45 г/сл43га, Күндү айлануу мезгили 88 сутката, тартуу күчүнүн ылдамдануусу Жердикинен 2,6 эсе кичине, башкача айтканда 372 см/секта барабар. М-дин өз огунун айланасында түз багыт боюнча айланары 1965-жылы радиолокациялык байкоо аркылуу бел-

гилүү болгон. Айлануу мезгили 58,65 суткага. барабар. Көптөгөн кратерлер, жалдар, кырка тоолор жана өрөөндөр бар экендиги белгилүү. Көпчүлүк кратерлер метеориттердин келип түшүшүнөн пайда болгон. Эң чоң Калорис кратеринин диаметри 1300 кмче. Ай менен М-дин беттик катмарларынын жарыкты чагылтуу жөндөмдүүлүгү жана жылуулук өткөргүчтүгү да бирдей. Атм-сы жокко эсе, бирок анда көмүр кычкыл газынын бар экени спектр жолу менен аныкталган. Өтө сейректелген атм-сынын курамында аргон, неон, гелий бар. Күндөн 28°тан көп алыстабагандыктан, аны жерден байкоо кыйын. Ал кечинде жана таң алдында көрүнөт. М. начар магнит талаасына ээ. Бул талаанын чыңалышы Жердикинен аз, Марстыкынан көп.