МЕРКЕЛЬ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (5 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МЕРКЕЛЬ Ангела Доротея (17. 7. 1954-жылы туулган, Гамбург ш.) - германиялык мамлекеттик жана саясий ишмер. 1978-жылы Лейпциг университетин бүтүргөн. Кванттык химия боюнча докторлугун (1986) жактаган. 1978-90-ж. Берлинде Германия Демокр. Респкасынын (ГДР) ИАсынын Физика-химия интунда иштеген. 1989-жылы чейин Германия социалисттик бирдиктүү партиясы - Немецтик эркин жаштар союзунда, 1989-жылдан оппозицияда. 1990-жылы марттан ГДРде «Германия үчүн альянс» бирикмесинде [«Демокр. жирөө», Германиялык социалдык союз, Германия христиандемокр. союзу (ГХДС)] жетекчилик кызматта. 1990-жылы августтан ГХДСке (1990-жылы октябрда ГФРдин христиан-демокр. союзуна бириккен) мүчө, 1993-жылы анын төрайымы. 1990-жылы декабрдан бундестагга депутат. 1994-98-ж. Г. Колдун өкмөтүндө федералдык министр, 2000-жылдан жалпы германдык ХДСтин төрайымы. 2005-жылы бундестагга шайлоодон кийин «чоң коалициянын» (ХДС/ХСС - Германия социал-демокр. партиясы) өкмөт башчысы. Дүйнөлүк финансы кризисинин шартында М. өлкөнүн банктарында сакталган бардык депозиттерге мамлекеттик кепилдик берип, банк чөйрөсүндөгү абалды турукташтырып, германиялык ө. ж-ды, биринчи иретте автомобиль куруу тармагын сактап калууга жетишкён. М-дин партиясы 2009-жылы бундестагга шайлоодо жеңип, кайрадан ХДС/ХСС - Германия социалдемокр. партияларынын коалициялык өкмөтүн жетектеген. М. европалык интеграцияны, НАТОдо өнөктөштүк мамилени өнүктүрүүнүн жана Россия менен кызматташтыкты чыңдоонун жактоочуларынан.