МЕРИДИАН КЫРКА ТООСУ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
| (2 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МЕРИДИАН КЫРКА ТООСУ Борбордук Теңир-Тоодо, Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик чек арасында жайгашкан. Узундугу 80 кледей, Кыргызстандын аймагында 22 км. Эң жазы жери 40 км. Эң бийик бөлүгү Сары-Жаз суусунун алабын чыгышынан чектеп турат. Орт. бийиктиги 5000-5500 м, эң бийик жери 6800 м (Достук чокусу). Башка бийик чокулары: Мрамор (6637 м), Пржевальский (6276 м). Тоо түндүккө карай жапыздап, Нарынкол суусунун башында 4100 жди түзөт. Рельефи татаал чокулардан түзүлүп, капталдары тик жана жалама, этегинен кырына чейин мөңгү менен капталган. Тоо негизинен палеозойдун башында пайда болгон мрамор, мраморлошкон акиташ теги, кристаллдуу сланец, аларды жиреп чыккан гранит интрузиялары ж. б. тектерден турат. Структурасы жагынан Теңир-Тоодогу кырка тоолордон кескин айырмаланып, меридиан багытында жайгашкан. Этеги деңиз деңгээлинен 4500 м жогору жаткандыктан, толугу менен гляциалдыкнивалдык алкакта. Батыш капталынан Түштүк Эңилчек, чыгышынан Сайкал, Темир-Суу, Түндүк сыяктуу эң ири мөңгүлөр башталат.