МЕРВЕРРУДИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
м (1 версия) |
| (2 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МЕРВЕРРУДИ Фахр ад-Дин Мубарак-шах - мусулман тарыхчысы, акын. 12-к-дын аягы - 13-к-дын башында Афганстанды жана Түндүк Индиянын айрым аймактарын бийлеген Гуриддер султандыгында жашаган. Анын чыгармалары фарсы тилинде жазылган. М. санжыра да жазган (1206), анын кириш бөлүмүн «Тарых» деген шарттуу ат менен англ. изилдөөчү Э. Денисон Росс 1927-жылы жарыялаган. Бул эмгекте түрк элдери тууралуу маалымат айтылып, алардын согду жана тогуз алфавитинде жазуусу болгону жөнүндө эскерилет. Түрктөрдүн ичинде кыргыз, чигил, тухси, йагма сыяктуу теңир-тоолук уруулар да атайын тизмеленип берилген.