МЕҢДУБАНА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(3 intermediate revisions by the same user not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска

МЕҢДУБАНА (Нуозсуатиз) - өсүмдүктөрдүн ит жүзүмдөр тукумундагы уруусу. Бир, эки жана көп жылдык чөп өсүмдүк. Бийиктиги 20-115 см. Жер үстүндөгү бардык орган­дары жумшак, жабыш­как түктүү. Жалбырак жээги тегиз же тилкелүү. Негизинен тамыр моюн­часына топтолгон. Гүлү сапсыз, жалгыздан, бу­рулча топ гүлгө чогулган, түсү киргил сары, күңүрт кызыл тарамыштуу. Мө­мөсү - кутуча. М-нын 20га жакын түрү Канар а-нан Индияга чейин та­ралган. Кыргызстанда 2 түрү кездешет. Негизинен түз­дүктө, таштанды, турак-жай арасында, жол бо­юнда, аңызда, айдоодо өсөт. Маңызы медици­нада сырткы оорууну басаңдатуу үчүн колдону­латынча Өсүмдүктүн бардык органында гиоциамин, гиоцин, атропин ж. б. алколоиддер болгондук­тан, өтө уулуу.