МЕҢДУБАНА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (4 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МЕҢДУБАНА (Нуозсуатиз) - өсүмдүктөрдүн ит жүзүмдөр тукумундагы уруусу. Бир, эки жана көп жылдык чөп өсүмдүк. Бийиктиги 20-115 см. Жер үстүндөгү бардык органдары жумшак, жабышкак түктүү. Жалбырак жээги тегиз же тилкелүү. Негизинен тамыр моюнчасына топтолгон. Гүлү сапсыз, жалгыздан, бурулча топ гүлгө чогулган, түсү киргил сары, күңүрт кызыл тарамыштуу. Мөмөсү - кутуча. М-нын 20га жакын түрү Канар а-нан Индияга чейин таралган. Кыргызстанда 2 түрү кездешет. Негизинен түздүктө, таштанды, турак-жай арасында, жол боюнда, аңызда, айдоодо өсөт. Маңызы медицинада сырткы оорууну басаңдатуу үчүн колдонулатынча Өсүмдүктүн бардык органында гиоциамин, гиоцин, атропин ж. б. алколоиддер болгондуктан, өтө уулуу.