МЕНИНГИТ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
| (2 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МЕНИНГИТ (грекче meninx - мээ кабыгы) - мээ жана жүлүн кабыгынын сезгениши. М-ти вирустар, бактериялар, туберкулёз таякчасы ж. б. козгойт. Ошондой эле травманын натыйжасында же организмде ириңдеген жерден инфекция тараганда пайда болот. Көбүнчө балдар ооруйт. М. биринчилик жана экинчилик болуп айырмаланат. Биринчилик түрүндө организмге кирген козгогуч түздөн-түз мээ кабыгын жабыркатат. Көбүнчө оорулуудан же козгогуч алып жүрүүчүдөн жөтөлгөндө, чүчкүргөндө, өбүшкөндө жугат. Козгогуч жуккандан кийин 1-4 күнгө чейин билинбейт (жашыруун мезгил). Оору капысынан катуу башталат, эти ысып (39-40°), башы ооруп, кусат. Жарыкты көргүсү келбейт, ызы-чууну сүйбөйт, кежигеси, буттары тартылат, өңү бозоруп, эриндери көгөрөт, тез-тез дем алат, суусайт. Жаш балдар эмчек эмбей, чыргоолонуп ыйлайт, кусат. Жалпы абалы начарлап, алы кетет, аң-сезими тумандайт. Экинчилик М. ортонку кулактын, мурундун кошумча коңулдарынын ириндүү сезгенүүлөрүндө, жугуштуу оорулардын (грипп, кызылча, туберкулёз, котон жара ж. б.) кабылдашынан болот. Мында оору акырындап башталат. Мисалы, туберкулёз оорусунда М-тин башталышында жалпы абал начарлайт, баш ооруйт, ал кетет, дене бир аз ысыйт. Убагында диагноз коюп, дарылоо жүргүзбөсө, жогорудагы М-тин оор белгилери башталат. Менингококк козгогон М-те денеде кызыл бүдүр, темгилдер пайда болот. Дарылоо ооруканада жүргүзүлөт, антибиопгиктер, сеп алдырма дарылар, витаминдер берилет. Ооруканада диагноз коюу жана дарылоо максатында жүлүн суюктугу алынат. Оорулуунун диагнозу канчалык эрте коюлуп, дарылоо эрте башталса, ошончолук оорулуу тез сакаят. Айрым учурда оору узакка созулуп, түрдүү кабылдоолорго (баш оору, чалыр көз, дүлөй, талма ж. б.) дуушар кылат. Ооруп айыккандан кийин 2-3 айга чейин оорулуу алсыз болуп, тез чарчайт.